Айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларына

Нарын районунун өнүктүрүү фонду 2019-жылы Фонддун бюджеттик  эсебине келип түшүүчү каражаттардын эсебинен Нарын районунун айыл аймактарынан долбоорлук табыштамаларды кабыл алууга сынак жарыялайт. Арыздар 2019-жылдын 30-ноябры саат 17—00 чейин Нарын шаары, Ленин көчөсү №76 (Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын имараты 3-кабат) дареги боюнча кабыл алынат.

Долбоорлук арыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 Токтомунун негизинде бекитилген «Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо» көрсөтүлгөн талаптарга ылайык даярдалып 1 нускада берилиши керек.

Муну менен бирге 2018-жылы ишке ашырылган долбоорлордун аткарылышы тууралуу тийиштүү отчеттор (кабыл алуу актысы, фото документтер ж.б.) толугу менен берилиши зарыл. Эгерде кайсыл бир долбоор толук бүтпөй калса же тийиштүү отчеттулуктар тапшырылбаса мындай айыл өкмөт тарабынан тапшырылган долбоорлор каралбай тургандыгын эскертебиз.

Кошумча маалыматтар боюнча 0705 (778) 28 8 22, номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Обсуждение закрыто.