Мероприятия против коррупции

Коррупцияга каршы иштер боюнча маалымат

Коррупциянын алдын алууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык иштер жүргүзүлүүдө. Коомдо коррупцияга карата терс мамилени калыптандыруу үчүн    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, балоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо” жөнүндөгү  №281-буйргуна ылайык кызмат адамдары тарабынан коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 16-июнундагы №120 -б буйругу кабыл алынып, коррупциялык тобокелдиктерди табуу,  баалоо жана  башкаруу боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын коррупциялык тобокелдиктердин №1,2 тиркемеге ылайык бекитилген. Бекитилген тиркемеге ылайык,  

            -Райондун аймагында жайгашкан кен-байлыктарды изилдөөчү жана чалгындоочу компанияларга уруксат берүүдө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кароо жана көрсөтүлгөн талаптардан тышкары документтерди талап кылбоо;

            — Резервдик фонддогу акча каражатын туура максатта пайдалануу менен жардамга муктаж жарандардан келген арыз кайрылууларды мыйзам чегинде карап, изилдеп жардам көрсөтүү;

            —  наамдарды ыйгарууда ашыкча кимдир бүрөөнүн талапкерлигин колдоо мүмкүнчүлүгүн, бош ваканттык кызмат орундарына жарыяланган конкурстук комиссияга келип түшкөн документтерди талдоо жана тестирлөөдөн өткөн талапкерлерди аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен кызмат ордуна сунуштоо,

— балдар иштери боюнча маселелерди кароо, чараларды көрүүдө жеке кызыкчылыктардын болуу мүмкүндүгүн болтурбоо максатында иштер жүргүзүлүүдө. Алсак: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы №642 токтомуна ылайык коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалган жана Жобого ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилген.

—          Мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мыйзамына ылайык иш алып барылууда.

 Бул боюнча айыл аймагындагы айыл өкмөттөрдө, райондук мекеме ишканаларда коррупциялык кызмат орундарына байланышкан коррупциялык тобокелдиктери аныктоо менен буйруктары чыгарылып, иштер жүргүзүлүүдө. 

                Райондун аймагында коррупцияга каршы күрөшүү багытында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан  «Коррупция менен күрөшүү жалпыбыздын ишибиз»  темадагы тегерек столдор 2019-жылы 3 жолу  айыл аймагындагы айыл өкмөттөрдө жана мекемелерде дагы жыйындар өтүлгөн.   Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдар, Жарлыктар менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жооптуу кызматкерлери тааныштырылган. Коррупциянын алдын алуу боюнча ар бир айыл өкмөттөрдө ишеним телефондор уюштурулган.  Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтында “Антикоррупционная политика” деген аталышта атайын бөлүмчө ачылып, коррупцияга каршы Мыйзамдар жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясында аткарылган иштер тууралуу чыгарылып турат. 2018-жылдын алты айына Коррупция боюнча арыз даттануулар  райондук мекеме-жетекчилер жана айыл аймагындагы айыл өкмөт башчыларына карата катталган эмес. 2019-жылдын 26-июнунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Координациялык Кеңешинде Нарын районунда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууда райондук мекемелер, айыл аймагындагы айыл өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан иштер жөнүндө каралып,  Коррупцияга каршы мыйзамдын, Президентин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылйык иш алып баруу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тегерек стол, семинарларды өткөрүү менен массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу жагы тапшырылды. 2019-жылдын декабрь айында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык заседаниесинде каралды.

Обсуждение закрыто.