НАРЫН ТОКОЙ ЧАРБАСЫ Туризм тармагын өнүктүрүү, энергетикалык орнотмолорду куруу, көлмөлөрдү пайдалануу максатында КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

НАРЫН  ТОКОЙ  ЧАРБАСЫ

Туризм тармагын өнүктүрүү, энергетикалык орнотмолорду куруу, көлмөлөрдү пайдалануу максатында

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Конкурска төмөндөгү жер аянттары коюлат:

  1. Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Бурган Суу» участкасы 85-кварталынын 13 -28- бөлүкчөлөрүнөн 6,0 га токой жери.

 

  1. Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Тоо-Жайлоо» участкасы 84-кварталынын 11 -12- бөлүкчөлөрүнөн 7,23 га токой жери.

 

  1. Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Бугулу-Төр» участкасы 13-кварталынын 4- бөлүкчөсүнөн 48,2 га токой жери.

 

  1. Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Сары-Күнгөй» участкасы 6-кварталынын 12-13-43-44- бөлүкчөлөрүнөн 37,8 га токой жери.

Конкурска катышуучулар «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибине» ылайык арыз менен бирге  төмөндөгү документтерди тапшырат (ковертке салынат):

1) жеке жактар үчүн:

— Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;

— токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;

— токойду пайдалануу программасы;

2) юридикалык жактар үчүн:

— уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);

— юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;

— салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (бар болсо);

— соңку ай үчүн карыздын жоктугу жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;

— токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;

— токойду пайдалануу программасы.

Токойду пайдалануу программасы: аталышын, максаттарын жана милдеттерин; негизги аткаруучулардын тизмесин; ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана этаптарын; инвестициялык жана башка сунуштарды; ишке ашыруудан күтүлгөн акыркы натыйжаларды камтууга тийиш.

Конкурска табыштамалар  Нарын шаары Мусурманкулов кочосу №2 дареги боюнча кабыл алынат. Табыштамаларды кабыл алуунун акыркы мооноту 2021-жылдын 25-августунда саат 14-00 чейин.

 

Конкурсту өткөрүү убактысы жана орду,  конкурска катышуучуларга кошумча маалымдалат.

Эскертүү: конкурстук табыштамалар толук эмес же талаптагыдай толтурулбаса мындай табыштамалар кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.

 

Кошумча маалыматтар боюнча Нарын токой чарбасына Нарын шаары Мусурмакулов көчөсү №2  дарегине же  5 07 41 жана 5 60 63  телефондоруна байланышсаныздар болот.

Обсуждение закрыто.