НАРЫН ТОКОЙ ЧАРБАСЫ
Туризм тармагын өнүктүрүү, энергетикалык орнотмолорду куруу максатында
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Конкурска төмөндөгү жер аянттары коюлат:
- Нарын токой бөлүмүнөкараштуу «Эки-Чат» участкасы 90-кварталдын 25,22,18,15,7- бөлүкчөлөрү; 91-кварталдын 20,16,17,11- бөлүкчөлөрү; 98-кварталдын 16,19,11,8- бөлүкчөлөрү; 99-кварталдын 22,15,- бөлүкчөлөрү; 100-кварталдын 10,9- бөлүкчөлөрү; 101-кварталдын 7,8- бөлүкчөлөрүнөн жалпы 50,0 га токой жери.
- Нарын токой бөлүмүнөкараштуу «Кууганды-Тор» участкасы 14-кварталынын 27,28,2,35,26; 31-кварталдын — 37,46,17,11,7,6,5,4 бөлүкчөлөрүнөн жалпы 10,0 га токой жери.
Конкурска катышуучулар «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибине» ылайык арыз менен бирге төмөндөгү документтерди тапшырат (ковертке салынат):
1) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
- токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндөмаалымат;
- токойду пайдалануу программасы;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүүменен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндөкүбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;
- салык төлөөчүнүнидентификациялык номеринин көчүрмөсү (бар болсо);
- соңкуай үчүн карыздын жоктугу жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;
- токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндөмаалымат;
- токойду пайдалануу программасы.
Токойду пайдалануу программасы: аталышын, максаттарын жана милдеттерин; негизги аткаруучулардын тизмесин; ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана этаптарын; инвестициялык жана башка сунуштарды; ишке ашыруудан күтүлгөн акыркы натыйжаларды камтууга тийиш.
Конкурска табыштамалар Нарын шаары Мусурманкулов кочосу №2 дареги боюнча кабыл алынат. Табыштамаларды кабыл алуунун акыркы мооноту 2021-жылдын 19-октябрь саат 17-00 чейин.
Конкурсту өткөрүү убактысы жана орду, конкурска катышуучуларга кошумча маалымдалат.
Эскертүү: конкурстук табыштамалар толук эмес же талаптагыдай толтурулбаса мындай табыштамалар кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.
Кошумча маалыматтар боюнча Нарын токой чарбасына Нарын шаары Мусурмакулов көчөсү №2 дарегине же 5 07 41 жана 5 60 63 телефондоруна байланышсаныздар болот.