НАРЫН ТОКОЙ ЧАРБАСЫ
Туризм тармагын өнүктүрүү багытында токой фондусунун участокторун ижарага берүү жана пайдаланууга
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Конкурска төмөндөгү жер аянттары коюлат:
- Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Бурган Суу» участкасы 85-кварталынын 13 бөлүкчөсүнөн 3,0 га жайыт жери.
- Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Зым Короо» участкасы 35-кварталынын 33 бөлүкчөсүнөн 2,0 га токой жери.
- Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Капчыгай ДЭУ» участкасы 35-кварталынын 37 бөлүкчөсүнөн 3,0 га токой жери.
- Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Капчыгай » участкасы 35-кварталынын бөлүкчөсүнөн 2,0 га токой арасындагы ачык аянт.
- Каратал токой бөлүмүнө караштуу «Оттук Капчыгайы » участкасы 89-кварталынын 1 бөлүкчөсүнөн 1,0 га токой арасындагы ачык аянт.
- Нарын токой бөлүмүнө караштуу «Төө Жайлоо» участкасы 84-кварталынын 11 бөлүкчөсүнөн 2,0 га ачык жер.
- Каратал токой бөлүмүнө караштуу «Беш Бак» участкасы 83-кварталынын 1 бөлүкчөсүнөн 3,0 га ачык аянт.
Конкурска катышуучулар «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибине» ылайык арыз менен бирге төмөндөгү документтерди тапшырат (ковертке салынат):
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү
- Токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат
- Токойду пайдалануу жөнүндө маалымат
Конкурска табыштамаларды жеке жана юридикалык жактар тапшыра алат.
Конкурска табыштамалар Нарын шаары Мусурманкулов кочосу №2 дареги боюнча кабыл алынат. Табыштамаларды кабыл алуунун акыркы мооноту 2019-жылдын 23-июну саат 14-00 чейин.
Конкурсту өткөрүү убактысы жана орду, конкурска катышуучуларга кошумча маалымдалат.
Эскертүү: конкурстук табыштамалар толук эмес же талаптагыдай толтурулбаса мындай табыштамалар кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.
Кошумча маалыматтар боюнча Нарын токой чарбасына Нарын шаары Мусурмакулов көчөсү №2 дарегине же 5 07 41 жана 5 60 63 телефондоруна байланышсаныздар болот.