Социально-экономические показатели

 

Нарын районунун 2018-жылдагы  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат.

 

Айыл чарбасы

 

Район боюнча 2018-жылы жалпы 7740 га айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү пландалган, иш жүзүндө  жалпы 7941 гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү айдалып себилген, мунун ичинен 986 га буудай, 4060 га арпа, 672 га картошка, 101 га жашылча, 1089 га  көп жылдык чөп, 1032 гектарын бир жылдык чөп  түзгөн.

2017-жылга салыштырмалуу арпа 673 гектарга, картошка 2 гектарга, жашылча 1 гектарга, көп жылдык чөп 137 гектарга  көп айдалып себилип, же жалпы айдоо 212 гектарга көбөйгөн.

Айдап себүүнүн  жыйынтыгы менен 2018-жылга карата пайдаланылбай калган аянт  2017-жылга салыштырмалуу  99 гектарга  кыскарган. Айыл өкмөттөрү боюнча жалпы пайдаланылбай калган аянт Эмгекчилде, Чет-Нурада кыскартылган.

2018-жылдын сугат сезонунда  сугат сууларын берүүдө    тартыштык болгон жок.

2018-жылы  жыйналуучу 5046 га дан эгинден 557 га арпа аянты тоют катары чөпкө чабылып алынган.

Оруп жыйуунун жыйынтыгы менен   калган 4489 гектар дан эгинин аянтынан алгачкы салмакта 10 062,2 тн дан эгини жыйналып, орточо түшүмдүүлүгү 22,5 ц,,  672га картошка аянтынан 8887,8 тн картошка жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 132,2 ц,101 га жашылча аянтынан 1101,4 т  жашылча жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 109 ц түзгөн.

Дан эгининин орточо түшүмдүүлүгү 2017- жылга салыштырмалуу орточо түшүмдүүлүгү 1,9 центнерге жогору болуп, дүң өндүрүү  772,5  тоннага   көбөйгөн.

Дан эгинин үрөнүнүн сапатын жакшыртып,   аны дыйкандарга таратуу маскатында Эмгекчил, Жерге-Тал, Казан-Куйган, Орток жана Чет-Нура айыл аймактарынан 40 гектар  баардыгы 200 га  айдоо аянты тандалып алынып, аларга «Мал чарба жана рынокту өнүктүрүү»  долбоорунун неизинде  ар бирине  8 тоннадан 1-репродукциядагы «Гетьман»  сортундагы арпа, 8 тоннадан Аммофос минералдык жер семирткичи   бекер берилген. Натыйжада, түшүмдүүлүк 21,2 ц/га айланып 424 тн арпа жыйналып алынган. Жыйналап алынган түшүмдөн 207 тоннасы дыйкандарга келерки жылдын түшүмү үчүн таратылып берилип,калган 217 тонна сактоодо турат.

Райондун 5 үрөн чарбасы 71,5 гектарга жогорку репродукциядагы дан эгиндин үрөндөрүн себишип, андан 121 тонна жогорку сапаттагы үрөндөрдү быйлык жылдын айдап себүүсүнө даярдашты.

Дан эгинди оруп жыйуу 2018-жылы 20-сентябрына карата толук   аяктап,  дыйкандарыбыз   оруп жыйууну өткөн жылга салыштырмалуу 13 күнгө эрте бүткөрүшкөн. Бул иште айыл өкмөт башчыларынын уюштуруучулук ишин белгилеп кетүүгө болот.

Мал чарба продукциясын өндүрүү боюнча 2018-жылдын 12миң  тонна эт, 30,4миң  тонна сүт,  396,3  тонна жүн, 1млн 85,0 миң даана жумуртка өндүрүлүп, же 2017-жылга салыштырмалуу эт 102,6, сүт 100,8 %, жүн 109,4%, жумуртка 101,8%  га өндүрүлгөн.

2019- жылга карата малдын жана канаттуулардын башын тактоонун жыйынтыгы менен, ири мүйүздүү малдын башы 44  миң башка жетип, 4648 башка, кой эчки 258 миң башка жетип, 19  миң башка, жылкы 29 миң башка жетип, 300 башка көбөйдү.

Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан 2018-жылга карата алдына ала жүргүзүлүүчү 32 пунктан турган  ветеринардык иш чаралар  кабыл алынган. Кабыл алынган 32 иш чаранын ичинен 2018-жылдын 29 иш чарасы ашыгы менен аткарылып, натыйжада         2018-жылы райондо эпизоотиялык кырдаал туруктуу кармалды. Малдын  башын көбөйтүү менен, эпизоотиялык кырдаалды туруктуулугу да продукциянын сыртка алып чыгуунун негизи болгондуктан,  жыл ичинде АРИСтин  каржылоосу менен  8 ветеринардык тейлөө борборлору курулуп, бүгүнкү күндө район боюнча 13 айыл аймагында  ветеринардык тейлөө борборлору элге кызмат кылууда.

Өнөр жайы

Райондо өнөр жай тармагында өнөр жай ишканасы жана элдин өнөр жай ишмердүүлүгүнүн эсебинен 2018-жылы ичинде   өнөр жай продукциясы  иш жүзүндөгү баа менен  220 млн 20,3 миң сомго өндүрүлүп, мунун ичинен элдин өнөр-жай ишмердүүлүгүнүн көлөмү 28 млн 505,5  миң сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 126 пайызды түзгөн. Элдин өнөр жай ишмердүүлүгү жалпы көлөмдүн 11,1 пайызын түздү.

Кызмат көрсөтүү

2018-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү  137 млн 90 миң сомду түзүп, 2017-жылга салышттырмалуу  130,7 пайызга аткарылып, баанын индекси 102,5  пайызга барабар болду.

Калктан акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү   137 млн 650миң сом болуп,   2017-жылга салыштырмалуу 104,1пайызды түздү. Кызмат көрсөтүүдө  баанын индекси 103,8 га барабар болду, кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүнүн 85,1 пайызы жеке  жактарга таандык.

Район боюнча жалпы аянты  2666 кв метрди түзгөн  30 жеке турак үй пайдаланууга берилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  101  пайызды түзгөн же 6  жеке турак үй көп  салынган. 5 айылдардын  башкы пландарын даярдатуу жумуштары башталган.

2018-жылда капиталдык салымды пайдалануунун көлөмү 1 млрд  748 млн 194,1   миң сомду түзүп, 2017-жылга салыштырганда 813,9 млн сомго  көп пайдаланылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыл башынан бери жеке ишкердүүлүк багытындагы 12 ишкана ачылып, ага тартылган каржылоонун көлөмү 9,6 млн сомду түздү.  Ачылган ишканалардын эсебинен 54 жумуш оруну түзүлгөн.

 

Инвестиция жана курулуш

 

Республикалык бюджетинин эсебинен 2018-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду каржылоого Нарын районуна 8 млн 612,9 миң сом квота бөлүнгөн. Бул квотанын алкагында өздүк салымдары менен биргеликте жалпы суммасы 10 млн 470 миң сомду түзгөн 4 долбоор негизги тизме боюнча жактырылган. Лахол айылындагы «К.Рысмендиев» мектебинин капиталдык ремонту, Жерге-Тал айылындагы «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» бала бакчасынын жылытуу системасын орнотуу, ички оңдоо жумуштары, Достук айылындагы «Жылдыз» бала бакчасынын ремонту жана Чет-Нура айылындагы Ак-Кыя айылына футбол аянтчасын куруу долбоорлоруна акча каражаты каржыланып, жылдын аягына толук бүткөрүлдү.

Нарын райондук «Өнүктүрүү фондунун» кароосуна айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы суммасы 10 млн 70,5 миң сомду түзгөн 12 долбоор сунушталса, анын 4 млн 247,0 миң сому фонддун каржылоосуна кирген. Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобого ылайык айылдардын башкы пландарын түзүү, ирригация тармагын жакшыртуу, социалдык обьектилерди оңдоо жана айылдын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык конкурстар өткөрүлүп, жыйынтыгы менен 4 млн 169,1 миң сомго келишимдер түзүлгөн. фонддун эсебинен жыл ичинде 2 млн639,5 миң сому каржыланды, 1млн530,5 миң сом каражаттын жетишсиздигинен каржыланбай калды.

Райондо 2018-жылы капиталдык салымдын эсебинен курулуп жаткан Орто-Саз айылындагы Ж.Саламатов орто мектебинин спорт залы, Эчки-Башы айылындагы 225 орундук мектептин, Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектебинин, Лахол , Жер-Көчкү, Эки-Нарын айылындагы таза суу системасынын курулушу  жана каржылоосу  чечилбей курулушу 3 жылдан бери токтоп турган Жан-Булак айылында спорт комплекс  бүткөрүлдү.  Ошону менен катар   Таш-Башат, Кайыңды, Кызыл-Жылдыз, Достук айылдарынын таза суу системасы, Таш-Башат айылындагы спорт комплекси, Эмгек-Талаа айылында бала бакчанын курулуштары өтмө обьект катары бүтпоөй калды.

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун курууда үнөмдөлгөн каражааттын эсебинен  Эмгекчил айылында 5 км, Эчки-Башы айылында 3 км, , Нарын шаарын айланып өтүүчү жол 5,1 км жолго, капиталдык салымдын эсебинен  Миң-Булак айылына 1 км км жалпы  14 км  жолго асфальт төшөлүп бүткөрүлдү.

Ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланып, Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев жана Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов орто мектептери капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн жана Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен   Дөбөлү, Эмгек-Талаа айылында ФАПтын, Кеңеш айылында клубдун имараты, Учкун айылында мечит бүткөрүлүп ишке берилди.

Алыш айылында бала бакчанын курулушу, Кайыңды айылында мечит, Кызыл-Жылдыз айылында спорт залдын курулушу жүрүүдө.

БУУнун Азык түлүк программасы менен 25 долбоор ишке ашырылды. Долбоордун негизги багыты жакыр үй-бүлөлөргө азык түлүк берүү менен коомдук жумуштарга тартуу болгондуктан жалпы 602 адам жумушка тартылып, 157,4 тн ун, 16,1 тн май таратылды.

АРИСтин каржылоосу менен   2018-жылы  15 млн 667,5 миң сомго 7 атайын техника, анын ичинен 1 жүк ташуучу автомашина, 1 трактор, 5 погрузчик алынып,   бүгүнкү күндө жалпы 14 техника жайыттын жолдорун оңдоого жана   элге кызмат көрсөтүүдө.

Айыл калкынын жашоосуна ыңгайлуу  шарт түзүү максатында көпчүлүк айылдарда көчөлөр  жарыктандырылып, жыл ичинде жалпы 1 млн 680 миң сомго 790 дон ашык көчө жарыктары коюлду.

 

Кышка даярдык

Кыш мезгилинде калкты жана тармактарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жыл башында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  бекитилген иш чаралар планына ылайык Тянь-Шань ЭТ ашыкча жүткөтөлгөн 1 ТП алмашытруу белгиленсе 4 ТП , 2кошумча ТП койуу  белгиленсе 3 ТП айылдарга коюлган. Кайыңды айылына 160кВа 1ТП, Ак-Талаа айылына250кВАлык 1 ТП, Ийри-Суу айлына 160 КТП, Кеңеш айылындагы ТШ-017 ТП күчтүк трансформатору алмашылды, 60 ТП оңдоодон өткөрүлдү.

Жыл ичинде  10кВ аба чубалгысынан  45,1 км, 0,4кВ аба чубалгысынан 48,44 км оңдолду, жаңы конушка 0,4 кВ  2,55 км аба чубалгысы жаңы курулду.  Эленктр энергиясы пайдалануу лимитинен жылдын жыйынтыгы менен 8млн402,5 миң кВт/саат үнөмдөлгөн.

Калктын электр энергиясын пайдалануусу 29 млн 446 миң сомдү түзсө, жыл ичинде 29млн446 миң сом өндүрүлүп,  бирок мурдагы жылдардан калган  карызды эсепке алганда  элдин карызы 15млн сомду түзүп, жогору бойдон калууда, ар бир кардарга эсептелген орточо  карыздын көлөмү 1887 сомду түзүп турат. Орточо тарифтин көлөмү өткөн жылдын денгээлинде болуп,  0,82 тыйынды түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу

            2018-жылы районуну аймагында “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш чараларын өткөрүү планына Учкун айыл аймагынын  Куланак айылындагы “Кур-кокту” аймагынан келген каналдын нугун Нарын дарыясына чейин 700 метр, “Терек-Суу” участкасындагы Терек-Суу аймагынан келген каналдын нугун 100 метр Нарын дарыясына чейин улантып казуу иштери бүткөрүлдү, андан тышкары  Жерге-Тал айыл аймагынын, Жерге-Тал айылындагы  «Бир Калпак» участогундагы селден сактоочу каналдын 900 метр жеринде   жээк бекемдөө иштери, Ак-Кудук айыл аймагынын  8-Март айылында 220 м кыртыш үстүндөгү сууларды алып өтүү  жумуштары жүрүп, бул иш чараларын алкагында жалпы 197 турак үй корголду.

Жашыл долбоорду ишке ашыруу боюнча 2018-жылдын -апрелинен тартып, Жерге-Тал, Дөбөлү, Учкун айыл аймактардын жергиликтүү тургундары жана тиешелүү кызматтардан жарандар тартылып жалпы 1,5 га жер аянтына 2400 туп тал, терек жана кара бак  отургузулду.

 

Бюджет жана салык

 

2018-жылдын январь-декабрь  айларында жалпы мамлекеттик бюджеттин кирешесине   план боюнча  114 млн 292,5 миң сом белгиленип,   иш жүзүндө 120млн730,7 миң сомду түзүп, план 105,6 пайызга аткарылган, же болбосо  6 млн 438,4 миң сомго көп  өндүрүлгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттин салыгы  пландагы 51 млн 817,9 миң сомдун ордуна 62 млн 697,1 миң сом  чегерилип, план 118,72 пайызга аткарылып,  пландан ашыкча  9 млн 879,2 миң сом  өндүрүлгөн,    ал эми  өткөн  жылга салыштырмалуу өсүш темпи 125,9 пайызды түзүп, 12 млн 906,6  миң сомго  жогору болгон.

2018-жылдын жыйынтыгы менен өнбөгөн карыздардын көлөмү 2 млн 628,7 миң сомду түзүп, 739,9 миң сомго  азайган.

Айыл өкмөттөрү боюнча 2018-жылдын жыйынтыгы менен   өткөн жылга салыштырмалуу дотациянын денгээли Миң-Булакта 13,9 пайызга, Эмгекчилде 9,2 пайызга,  Жерге-Талда 7,7 пайызга, Учкунда 5,4 пайызга  кыскарган. Эмгекчил айыл өкмөтүнө спонсордук жардам катары кен иштетүүчү компаниялардан 3,5 млн сом (Солтон-Сары кен казуу ишканасы- 500,0 миң сом, “ЧЖун Жи Майнинг компани”- 3 млн сом), Учкун айыл өкмөтүнө Швейцария Өкмөтүнүн “Өнүктүрүү саясат  инстутуту” программасынын  грантынын  эсебинен  2 долбоор үчүн 2 млн сом  которулуп,  бул бир жолку каржылоолор аталган айыл өкмөттөрүнүн дотациянын кыскарышына алып келген.

 

 

 

 

 

 

 

 

Обсуждение закрыто.